Исмаил Исаковдун акимдердин укугун кеңейтүү боюнча мыйзам долбоорун депутаттар сынга алышып, аны талкуулоо токтотулду

ЖКда депутат Исмаил Исаков тарабынан сунушталган “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору талкууга алынды. Демилгечинин айтымында, бул мыйзам район акимдеринин укугун кеңейтет, тактап айтканда, райондогу бир катар кызматтын жетекчилерин, анын ичинде райондук прокурорлорду да аким дайындайт. Буга бир катар депутаттар каршы чыгып, бул мыйзамды кабыл алууга азыр эрте экенин белгилешти. Депутат Анарбек Баратов "бул мыйзамды кабыл алсак, акимдер каалаганын жасап, министрлерге баш ийбей калышат. Бийлик түзүмүндө баш аламандык келип чыгат" десе, Курмантай Абдиев "бул мыйзамды эзели кабыл алып болбойт, баш-аягыбызды таппай калабыз" деген оюн айтып, бул мыйзам долбоорун добушка коюп, талкууну токтотуп коюуну сунуштады. Жыйынтыгында көпчүлүк депутаттардын добушу менен мыйзам долбоорун кароо токтотулду. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан