Чүйдүн тургуну 76 жаштагы адамды бычактаган деген шек менен кармалды

69 жаштагы киши өзүнөн 7 жаш улуу адамды бычактоого шектелип кармалганын 18-декабрда Чүй облустук милициядан кабарлашты. Мекеменин басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, 11-декабрь күнү Панфилов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканага улгайган киши бычактан жаракат алып жаткырылганы боюнча маалымат түшкөн.

"Жабырлануучунун абалы оор болгондуктан аты-жөнүн жана ага ким бычак сайгандыгы тууралуу маалымат алууга мүмкүн болгон эмес. Учурда жаракат алган адам Кара-Балта шаарынын 1942-жылы туулган А.А. аттуу тургуну экендиги аныкталып, шектүү катары Чүй облусунун 1949-жылы туулган З.Ш. аттуу тургуну кармалды. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (саламаттыкка атайылап оор зыян келтирүү) боюнча иш козголуп, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды жана тергөө иштери улантылууда", - деп кабарлашты облустук милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан