Өспүрүм 26-ноябрда каза болгон. Анын атасы Дилшод Мадрахимов баласынын өлүмү үчүн аскерге чейинки даярдык сабагынан мугалими Мирвохид Мардоновду күнөөлөп, прокуратурага арыз менен кайрылган. Фергана облусунун укук коргоо органдары 10-класстын окуучусунун өлүмү боюнча тергөөгө чейинки териштирүү жүргөнүн айтышкан.
Бирок маркум Миржамолдун атасы мектеп жетекчилиги жана жергиликтүү прокуратура ишти жаап салууга аракет жасоодо деп эсептейт. Маркум классындагы эң мыкты окуган окуучу болгонун мектептин директору билдирген. Директор Мардонов конспект толтурбаганы үчүн Закировду урушканын, бирок катуу сабаган эместигин айткан.
“Катуу соккудан Миржамол бүк түшүп, дем ала албай калган. Кийинки күнү ал сабакка келген жок. Мугалим ал күнү 10-класстын бир нече окуучусун урушуп, сабаган”, - деген Закировдун классташтарынын бири.
"Мугалим баламды көкүрөгүнө катуу чааптыр. Уулум менден коркуп, эч нерсе айткан эмес. Түштө мектептен келип, эс-учун жоготуп жыгылды. Мен аны дароо райондук ооруканага алып бардым. Дарыгер уулумдун денеси эбак муздап калганын, көз жумганын айтты. Беш балам бар эле.... Прокуратурага кайрылып, "кызыл камчы" мугалимди жоопкерчиликке тартууну талап кылдым", - деген каза болгон баланын атасы.
Ал укук коргоо органдарынан баласынын мүрзөсүн ачып, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүнү талап кылган. Аскерге даярдык сабагынын мугалими Мирвохид Мардонов мектепте иштөөсүн улантып жатканы жазылат маалыматта.