Бишкек мэриясынын алдындагы дене тарбия жана спорт башкармалыгы 2018-жылы айырмаланган спортчуларды сыйлоо аземин өткөрдү. Иш-чара бүгүн, 18-декабрда калаабыздагы тойканалардын биринде орун алды.
Сыйлоо аземинде башкармалыктын жетекчиси Ырысбек Мааткабылов спортчуларга, машыктыруучуларга жана спорт федерацияларга кол саат, акчалай сыйлык жана ыраазычылык каттарды ыйгарды.
Спорт башкармалыгынын чечими боюнча, "2018-жылдын мыкты спортчулары" наамына 10 спортчу татыса, алардын катарында грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын ээси Жоламан Шаршенбеков, Азия оюндарынын жеңүүчүсү жөө күлүк Дарья Маслова, дзюдо боюнча Азия чемпиону Эрлан Шеров жана башкалар болду.
Мыкты спортчу:
Жоламан Шаршенбеков - грек-рим күрөшү;
Дарья Маслова - жеңил атлетика;
Иззат Артыков - оор атлетика;
Эрлан Шеров - дзюдо;
Владислав Шулико - сууда сүзүү;
Жыргал Оросбаев - пауэрлифтинг;
Эльвира Термес кызы - футбол;
Айзада Бактыбекова - тогуз коргоол;
Шаадат Момуналиева - шахмат;
Дастан Лепшаков - бильярд.
Мыкты машыктыруучу-мугалим:
Күмүшбек Дүйшебаев;
Арам Акопян;
Рахат Нурдавлетов;
Мирбек Шабданов;
Камбар Токтоналиев;
Замирбек Орозобаев;
Олег Алчинов;
Татьяна Борисова;
Илья Сторожук;
Рамис Фатахов.