Аталган жыйын "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында болот. Ага катышуу үчүн жергиликтүү жана эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү каттоодон өткөн.
Президент анда быйыл жасалган иштер тууралуу маалымат берип, андан соң журналисттердин суроолоруна жооп бермекчи.
Өлкө башчынын бийликке келгенине бир жылдан ашык убакыт болду. Ал 2017-жылдын 24-ноябрында ант берип, расмий түрдө кызматка киришкен. Бул Жээнбековдун журналисттерге берген алгачкы маалымат жыйыны болуп саналат.