Маалыматка ылайык, 49 жаштагы Хоу аттуу адам өзүнүн шериги, 24 жаштагы Чжоу деген кыз менен сатуучуларга кардар катары көрүнүшкөн. Алар Гуандун провинциясындагы зер буюмдар сатылган дүкөнгө 1 аптадай келип жүрүшкөн. Кылмыш жасаган күнү күндүзү саат 11:00дөрдө келип, нефрит мончогун сатып алуу ниеттери бар экенин айтышкан. Шуруну сырттагы жарыкта текшериш керек деген жүйөө менен Хоу аны алып сыртка чыккан, кыз сатуучунун жанында калган.
Хоу сыртка чыгары менен мончокту үзүп салып, шуруларын жутуп салган. Кийин сатуучуларга "кайтардым" деген тейде кылмышын жашырган. Сатуучулар полиция кызматын чакырышып, анын жанынан мончокту табышкан эмес. Бирок рентгенге жөнөтүүнү сунушташкан. Рентген анын шуруларды жутуп алганын көрсөткөндөн кийин ичиндеги шурулар алынган.
Мурда да зер буюмдарды уурдагандыгы үчүн соттолгон Хоу камакка алынган.