Жалал-Абад облусунда жер көчкү жүрдү

Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарында жер көчкү жүргөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Андагы маалыматка караганда, жер көчкү 18-декабрь күнү саат 08:00 чамасында жүрүп, 23-квартал тилкесинде сел өтүүчү каналга түшкөн. Көлөмү болжол менен 20 миң метр кубга жеткен жана адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

"ӨКМнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ барып, жер көчкүдөн жабыркагандар жок экендигин жана көчкү турак жайлардан 300 метр алыстыкта орун алганын аныкташкан. Бүгүн, 19-декабрда Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт", - деп билдиришти министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zhoro
2018-12-19 11:53:11
300 метр ото эле жакын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан