Бишкекте эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш өтүп, кыргыз балбандар бардык алтын медалды утуп алышты

Бишкекте Каба уулу Кожомкулдун жаркын элесине арналган күрөш боюнча эл аралык мелдеш өтүп, кыргыз балдандар бардык алтын медалдарды утуп алышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-18-декабрда Бишкек шаарындагы Спорт Ордосунда Каба уулу Кожомкулдун жаркын элесине арналган 56-эл аралык мелдеш өттү. Аталган мелдеште Кыргыз, Орусия, Казакстан өлкөлөрүнөн келген 150дөн ашуун балбан катышты.

Мелдештин жыйынтыгында кыргыз балбандар 35 медаль утушса, казакстандык балбандар 3 медаль тагынышты.

Мелдештин жыйынтыгы:

57 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Талгат Тынчтыкбеков;

2-орун: Тайырбек Жумашбек уулу;

3-орун: Айдар Алымбеков;

3-орун: Мейржан Байтаев (Казакстан).

61 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Айбек Токтогул уулу;

2-орун: Жайнак Тургунбаев;

3-орун: Арзымат Темирбеков;

3-орун: Сыймык Райымбек уулу.

65 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Эрназар Акматалиев;

2-орун: Равил Самат уулу;

3-орун: Амантур Камчыбеков;

3-орун: Кадырбек уулу Эдил.

70 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Исламбек Орозбеков;

2-орун: Тилек Ибраев;

3-орун: Бек Сейилбеков;

3-орун: Умоталы Шарыпбек уулу;

74 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Бекжан Жамбулов;

2-орун: Бекжан Токтобаев;

3-орун: Нуртилек Карыпбаев;

3-орун: Эрболот Ажыбеков.

79 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Жовидон Хамудов;

2-орун: Адилет Миратбаев;

3-орун: Рома Сарыбаев;

3-орун: Исламбек Рыспеков.

86 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Мирлан Чыныбеков;

2-орун: Елеусиз Сержан (Казакстан);

3-орун: Елибек Шарафиди улы (Казакстан).

92 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Аскар Азаматов;

2-орун: Жеңиш Буланов;

3-орун: Ринат Сатаев;

3-орун: Арсен Асанбеков.

97 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Арсланбек Турдубеков;

2-орун: Азизилло Балтабаев;

3-орун: Жанатбек Турушбеков.

125 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Музафар Жаппуев;

2-орун: Ахроржан Мадаминов;

3-орун: Касиет Кубанычбек уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан