Өлкө аймагындагы тоолуу унаа жолдордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 19-декабрга чейин жааган жана алдыда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо, Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайында, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная Горка-Ак-Таш, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Каракол-Эңилчек жолдорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл экендиги айтылат маалыматта.