Башкы прокуратура Ош облустук жана шаардык төрт судьяга карата кылмыш ишин козгоду

Ош шаардык сотунун төрагасынын орун басары Ш.А., судья К.Ж., облустук соттун судьясы М.Н. жана Т.М. аттуу мурдагы судьяга карата Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, судьяларга Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 328-беренеси (атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу) боюнча айып тагылууда.

Алар 2016-жылдын 30-декабрында жана 2017-жылдын 28-мартында ири көлөмдөгү баңги заты менен кармалган Тажикстандын Б.Т. аттуу жаранына карата мыйзамсыз сот чечимин чыгарышкан. Тактап айтканда, судьялар Эгемендүүлүктүн 25 жана Үркүндүн 100 жылдыгына карата ал адамга мунапыс беришкен.

Жыйынтыгында Тажикстандын жаранына абактан жана Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан мыйзамсыз чыгып кетүүсүнө шарт түзүлгөн.

Судьяларга карата козголгон кылмыш иштердин материалдары УКМКга өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2018-12-19 17:18:08
Тажик крупный сумма берген экенда.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан