Кыргыз спортчу Ксения Палкина Индияда өтүп жаткан теннис боюнча эл аралык мелдеште чейрек финалга аттанды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Кыргыз Республикасынын теннис федерациясынан билдиришти.
Кыргыз спортчу жуптук мелдешке өзбекстандык Нигина Абдураимова менен бир командада катышты. Мелдештин жарым чейрек финалында Палкина менен Абдураимова япониялык Нахо Сато менен индиялык Наташи Палхини менен кез келишти. Палкина-Абдураимова беттештин 1-бөлүгүндө 7:5 эсебинде жана 2-бөлүктө 6:3 эсебинде утуп, чейрек финалга аттанышты.
Эми Палкина менен Абдураимова чейрек финалдык беттеште орусиялык Екатерина Яшина жана өзбекстандык Альбина Хабибулина кез келет.