Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата РИИБинин Э.С. аттуу тергөөчүсүнө кылмыш иши козголду. Мындай маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, ага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон.
"Кылмышка шектелип жаткан тергөөчү Э.С. райондук милиция тарабынан адам уурдоо жана адам өлтүрүү беренелери боюнча козголгон ишти тергеп жаткан. Бир нече адамдардын тобу тарабынан уурдалып, андан кийин өлтүрүлгөн кишинин телефонун маркумдун бир тууганы тергөөчү Э.С.га кылмыш иликтөөгө жардамчы буюм катары өткөрүп берген. Э.С. ал телефонду мыйзамдын негизинде далил буюм катары чогултулган материалдарга тиркеген эмес. 2018-жылы Э.С. ага тергөөчү кызматына дайындалгандан кийин дагы телефонду далил буюм катары өткөрүп бербестен, колдонуп жүргөн. Телефондун мыйзамдуу ээси Ысык-Ата райондук прокуратурасына телефон тергөөдө далил буюм иретинде колдонулбай жатканын айтып арыз менен кайрылганда гана аны өткөрүп берген", - деп билдирди прокуратуранын маалымат кызматы.
Бул иш тергөө үчүн УКМКнын Чүй облустук башкармалыгына өткөрүлүп берилди.