Ошто Дэу Матиз токтоп турган жүк ташуучу унааны сүзүп, айдоочу жана анын 86 жаштагы атасы каза болду

Ош облусунда жеңил унаа жол кырсыгына кабылып, эки адам каза болду. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалым болгондой, жол кырсыгы 18-декабрь күнү саат 23:00 чамасында катталган. Окуя Ноокат районунун Өсөр айылында болгон.

"Ноокат районунун 57 жаштагы тургуну Ш.К. өзүнүн Дэу Матиз унаасын батыштан чыгышты көздөй айдап келе жатып, жолдо бузулуп токтоп турган Вольво-ТН12 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны артынан сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен Дэу Матиз унаасынын айдоочусу денесинен жаракат алып, Ноокат райондук ооруканасына жеткирилип, алган жаракаттарынан улам каза болгон. Ал эми унаада бара жаткан айдоочунун атасы, 86 жаштагы Ш.С. окуя болгон жерден каза болгон. Учурда жол кырсыгы боюнча Ноокат РИИБинин кызматкерлери тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деп билдирет басма сөз кызматкери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
tuigan.
2018-12-19 16:49:29
А байкуштар ата бала бир кундо мурт кетиптир да. Арты кайырлуу болсун
+9
Tyty1990
2018-12-19 19:34:10
Биздин Ошто жол эрежеси деген почти жок.
+5
Eli.91
2018-12-19 21:07:30
Менин айылымда болуптурго Кудай сактасын.Каза болгондордун жаны Жаннатта болсун.
+1
Abdizhapar
2018-12-19 21:25:29
Жаткан жерлери жайлуу болсун. Бизде гаилердир иштебегенинин кесепети машиналарды текшериш керек бузулган жерде кое турган знак бар же жок экенин
+1
eddi.
2018-12-20 09:17:31
Урматтуу admin ала белде болгон кырсык боюнча маалымат берип коёсуздарбы?
0
Rifle_I
2018-12-20 18:18:50
Сыйым менен урматтуу айдоочулар, фараңарды регулировка кылып, каршы тилкенин көзүн албагылачы. Кошумча жарыктарды да коюп алган айдоочулар, аябай өтүнүп суранам, алып салгыла. Ал жарыгыңар каршы тилкеге өтө жарык болуп, эч нерсе көрүнбөй калат. Анан да рулдун алдында "сыйкырдуу таяк" бар, ошону иштеткилечи "дальний-ближний" фараны алмаштырып. Оң рулдуу автоунаалардын фараларын регулировка кылгыла туугандар. Бул текстти окуп, анан сөгүнүп койгондор,көзүңөр агып эле калсын чын эле, эркекче.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан