SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Никеден кийинки жашоо тууралуу көз караш" деген тема талкууга алынган.
Автор: "Менин жашоодогу тажрыйбам көрсөткөндөй, никедеги жашоо башкача болот экен. Кыз-жигит мамилеси менен үй-бүлө куруп, анан бир нече убакыт өткөндөн кийин тиричилик маселеси жаралып, түшүнбөстүктөр башталат. Анан акырындан мамиле солгундайт. Бирок жашап жүрө беришет. Айрымдардын чоң сүйүүсүү жек көрүүгө айланат. Үй-бүлөнү ичинен мите курттай жеген ойнош деген пайда болот. Ошол нерселер болбош үчүн эмне кылуу керек? Балким, балдарга үй-бүлө курардын алдында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектир... Кантип коомго үй-бүлө оюн эмес экенин жеткиликтүү түшүндүрүү керек?" деген билдирүүсүн калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
- "Мен көп үй-бүлөнү билем. Жашоосу материалдык жактан эмес, руханий жактан оор болуп жатканын көрдүм. Бири-бирине сый жок, бирок 7-8 жылдан бери балдары үчүн чогуу жашап келе жатышат. Бир үй-бүлө аялы-күйөөсү болуп жылдап бир төшөккө жатышпайт. Үйүндө күндө уруш-талаш. Жакшынакай 3 баласы бар. Аялы күйөөсүнө көңүл бурбайт экен. Анткени ойнош күтүп жүрүптүр. Экөөнү тең түшүнөм. Күндө жаңжал болуп, ортодо балдары эле кыйналышат".
- "Балалуу боло электе уруш-жаңжал болсо, "төрөй бер, ошентип жеңесиң, балалуу болсоңор эле унутулат" дешет го. 2-3 жыл баласыз жашап, бири-бирин сынагандай Европада эмеспиз да. Бир наристени бактысыз үй-бүлөдө тарбиялагандан көрө алдын алган жакшы".
- "Үйлөнөрдө же баш кошордо адам өзүнө-өзү "мен даярмынбы" деп суроо бериши керек. Үй-бүлө деген эмне экенин билүүсү шарт. Ошондо ажырашуу кыйла азыраак болот беле? Японияда ажырашкандан кийин бир мекеменин жетекчилигине жана башка кызматтарга жумушка алынбайт экен. Ал жакта "ажырашуу" деген түшүнүк жокко эсе".
- "Бизде үйлөнөр алдында "өкүл ата, өкүл апаны" туура тандашса жакшы болмок. Байлыгына, бийлигине эмес, жан дүйнөсүнө, үй-бүлөсүнүн бекемдүүлүгүнө карашса туура болмок. Жаңы үйлөнгөн жаш жубайларга жашоону үйрөтө турган ушулар болот".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.