Норвегиялык адис Уле Гуннар Сульшер англиялык футбол клубу "Манчестер Юнайтеддин" башкы машыктыруучусунун милдетин аткаруучу болуп шайланды. Бул тууралуу клубдун маалымат кызматы социалдык тармактардын бириндеги официалдуу баракчасына жазды.
18-декабрда "Манчестер Юнайтед" клубунун жетекчилиги команданын башкы машыктыруучусу Жозе Моуриньону кызматтан кетирген. Уле Гуннар Сульшердин жардамчылары Майк Фелан, Майкл Кэррик жана Киран Маккена аттуу машыктыруучулар болмокчу.
Сульшер "Манчестер Юнайтеддин" курамында оюнчу катары 359 матч өткөргөн. Анын ичинен 123 жолу гол киргизген. Сульшер англиялык команданын курамында ойноп турганда курам Англиянын 6 жолку чемпиону, 1 жолу Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү болгон. Улуттук курам үчүн Сульшер 67 матчта ойноп, 23 гол киргизүүгө жетишкен.
2015-жылдан тартып Уле Гуннар норвегиялык "Молде" клубун жетектеп келген. "Манчестер Юнайтед" Англия чемпионатынын учурдагы сезонунда 17 оюндун жыйынтыгы менен 26 упай топтоп 6-орунду ээлеп турат. Маалыматтарга караганда Сульшер менен келишим учурдагы сезондун соңуна чейин түзүлгөн.