Бишкекте эки унаа сүзүшүп, жол тандабас жолдон чыгып кетип мечиттин тосмосун сүздү

Бишкекте эки унаа сүзүшүп, жол тандабас жолдон чыгып кетип мечиттин тосмосун сүздү. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда SUPER.KG порталына жол кырсыгынын күбөлөрү билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 09:15тер чамасында Күрөңкеев көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде орун алган. Анда БМВ үлгүсүндөгү унаа менен Лексус 570 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Жол кырсыгынын күбөлөрү билдиргендей, Лексус унаасы катуу ылдамдыкта келаткан. Катуу кагышуудан ал тайгаланып барып жолдон чыгып, эки көчөнүн кесилишинде орун алган мечиттин тосмосун сүзгөн. Жол кырсыгынан эч ким жабыркаган эмес.

Жол кырсыгы катталган жерге Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкери келип тиешелүү документтерди толтурду. Унаалар айып пул төлөөчү жайга алынып кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
XOWO
2018-12-20 11:50:33
Лехсусуна ото ишенсе керек да жыртат деп
+1
Take_men
2018-12-20 16:13:46
Эх мындай Лексусум болгондо өмүр бою 40 тан ашпай эле айдайт элем
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан