Клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун финалында "Реал Мадрид" менен "Аль-Айн" командалары беттешет

Бириккен Араб Эмирлигинде өтүп жаткан клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун жарым финалдык оюндары жыйынтыкталды.

Түштүк Америка континентинин чемпиону "Ривер Плейт" клубу менен үй ээси катары мелдешке катышып жаткан "Аль-Айн" командаларынын оюну негизги убакытта 3:3 эсебинде жыйынтыкталып, пенальтилер сериясында 5:4 эсебинде талаа ээлери жеңишке жетишти.

Ал эми Чемпиондор Лигасынын Европа жана Азия континенттериндеги жеңүүчүлөрү "Реал Мадрид" жана "Касима Антлерс" клубдарынын оюну 3:1 эсебинде испаниялыктардын жеңиши менен аяктады.

Жарым финалдык оюндардын жеңүүчүлөрү "Аль-Айн" жана "Реал Мадрид" клубдары 22-декабрда Абу-Даби шаарында финалдык оюндун алкагында беттешет.

Клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугу жыл сайын ФИФА уюму тарабынан өткөрүлөт. Ага ФИФАнын курамына кирген 6 футболдук конфедерациянын чемпиондору жана мелдеш өтүүчү өлкөнүн мыкты клубу катышат. Акыркы 2 жылда аталган мелдештин жеңүүчүсү испаниялык "Реал Мадрид" командасы болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
AIA-TOO
2018-12-20 12:04:48
Ушул ашыкча турнир негизи. Европалыктар 100% утатта, ошого алып эле салыш керек.
-2
Modric10
2018-12-20 15:10:45
Давайте каролдук клуб алга.жениш кутобуз силерден умутубуз чон.ийгилик коштосун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан