Бүгүн, 17-июлда уланып жаткан 7-апрель окуясы боюнча өтүп жаткан сот процессинде жабырлануучулар менен сот процессиндеги коопсуздукту камсыз кылып жаткан милиция кызматкерлеринин ортосунда мушташ чыкты. Айыпталуучуларды залга алып келишкенде аларды жабырлануучулар алдын-ала даярдап келишкен таштар менен урушту. Андан соң дубалда илинип турган картиналарды жулуп алып, ыргыта башташты. Ошондой эле отургучтарды талкалап, анын сыныктары менен коопсуздукту камсыз кылган солдаттарды чапкылап жатышты. Бул убакта судья Дамир Оңолбеков 2010-жылы 7-апрелге чейин Мамлекеттик кайтаруу кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген Нурлан Темирбаевдин баш коргоо чарасын карап, кеңешүү бөлмөсүнөн чыгып келе жаткан болчу.