Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолуна көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолуна көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-декабрда саат 09:30 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 78-86-чакырым аралыгында (Тамчы тилкеси) кар көчкү түшкөн.

"Унаа жолуна жалпы көлөмү болжол менен 20 миң куб метр көлөмүндөгү кар көчкү түштү. Жолду тазалоого 1 бульдозер жана 2 жүктөгүч унаа тартылды. Аталган унаа жол кечээ, 19-декабрь күнү саат 17:00дөн тартып аба ырайы турукташканга чейин убактылуу жабылган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bond02
2018-12-20 12:21:09
Чыдагыла кубатымдар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан