Бишкекте 8 жаштагы баланы унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден кетип калган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
"Оперативдүү иш аракеттердин негизинде 19-декабрь күнү айдоочу кармалды. Ал Бишкек шаарынын 31 жаштагы Е.Б. аттуу тургуну болгон. Ал окуучуну Ниссан Мурано үлгүсүндөгү унаасы менен сүзгөн. Учурда унаа атайын унаа токтоочу жайга токтотулуп, тийиштүү материалдар Бишкек ШИИББине өткөрүлүп берилди", - деди басма сөз кызматкери.
Эске салсак, Бишкекте 8 жашар баланы унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден кетип калган айдоочу изделип жаткан.