Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөн алыш күрөшү боюнча эл аралык мелдеште кыргыз балбандары 16 медаль жеңип алышты.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган мелдеш коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын баатыры Абсамат Масалиевдин элесине арналган. Мелдеште өлкөбүздүн бардык аймактарынан жана Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия, Монголия, Түркмөнстан, Беларусь, Иран өлкөлөрүнөн келген 300дөн ашуун спортчу катышты.
Мелдештин жыйынтыгында кыргыз спортчулары 6 алтын, 5 күмүш жана 5 коло медаль тагынышты. Алтын медалдардын ээлери Мадамин Шаршеналы уулу, Кадыр Келсинбеков (2 категорияда), Анара Рыскулова, Нурзат Бактияр кызы жана Нагира Сарбашева болду.
Мелдештин жыйынтыгы:
70 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Чоныбек Худойбердиев (Тажикстан);
2-орун: Данияр Боронбаев;
3-орун: Бекмамат Бейшенов;
80 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Мадамин Шаршеналы уулу;
2-орун: Нурбек Нурматов;
3-орун: Санжарбек Аманов;
80 килограммдан жогорку салмак ченинде:
1-орун: Кадыр Келсинбеков;
2-орун: Бобир Тухтасинов (Өзбекстан);
3-орун: Асылбек Шадыбеков;
55 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Анара Рыскулова;
2-орун: Элза Абдукадырова;
3-орун: Элзада Момунжанова;
65 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Нурзат Бактияр кызы;
2-орун: Кумушай Аттокур кызы;
3-орун: Мээрим Момунова;
65 килограммдан жогорку салмак ченинде:
1-орун: Нагира Сарбашева;
2-орун: Кундузай Жайчыбекова;
3-орун: Сахобат Шералиева (Өзбекстан);
Абсолюттук салмак ченде:
1-орун: Кадыр Келсинбеков;
2-орун: Бехруз Гулмахмадзода (Тажикстан);
3-орун: Бобир Тухтасинов (Өзбекстан);