Чүйдө бир жарым жаштагы баланы апасы ажырашып кеткен күйөөсүнө калтырып кеткенде чоң энеси аялдамага алып барып таштаган

Чүйдө бир жарым жаштагы баланы аялдамага наристенин чоң энеси таштаган. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-декабрь күнү Чүй РИИБине Чүйдөгү аялдамалардын бирине наристе калтырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган тергөө тобу баланын жашын аныкташкан.

"Бул факты Чүй РИИБинде катталып, наристе райондук аймактык ооруканага жеткирилген. Андан кийин Чүй РИИБинин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери баланын апасы Ысык-Ата районунун 23 жаштагы тургуну К.А. экенин аныкташкан. Ал кызматкерлерге баланын атасы 29 жаштагы С.Ч. менен 5 жылдай жарандык никеде жашаганын, ортолорунда 3 бала бар экендигин айткан.

"Ошондой эле ал жарандык никедеги күйөөсү менен бир жылдан бери жашабай калгандыгын, жокчулуктун айынан баласын күйөөсүнө берүү чечимин чыгарганын кошумчалаган. Бир жарым жаштагы наристени ал ушул жылдын 10-декабрь күнү күйөөсүнүн үйүнө келип таштап кеткен. Бирок баланын атасы да, туугандары да аны баккылары келген эмес. Мындан улам чоң апасы наристени айылдагы аялдамага таштап, андан соң милицияга кабар берип койгон. Бирок милиция кызматкерлерине баланы өзү таштаганын айткан эмес", - деп билдирет Чүй ОИИББи.

Ал эми Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бала тууралуу маалыматтар топтолуп жатканын билдирет.

"1 жарым жаштагы наристенин апасы баласы тууралуу эч кандай документ көргөзө алган жок. Ошондуктан бала Токмок шаарындагы балдар үйүнө которулду. Балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү каралууда. Эгерде балага тиешелүү документтер берилсе, ата-энесине кайтарып берүү маселеси каралат", - деди басма сөз кызматкери.

Буга чейин Чүй облусунун Бурана айылында бир жарым жаштагы наристени кийимдери менен аялдамага таштап кеткени маалымдалган. Наристени 10 күндөн бери эч ким издеп келген эмес.

Чүйдө бир жарым жаштагы баланы аялдамага таштап кетишти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
Aikaaaa
2018-12-20 15:06:59
Бербей эле койгула түртүндү кылбай, алар кыйратып деле багып ийишпейт. Андан көрч багып алам дегендерге берсеңер жакшы болмок
+8
Batma08
2018-12-20 15:09:22
Ай ай аай чон энелерге ынсап берсин.
+6
Batyrkhan
2018-12-20 15:27:34
Кыштын күнүндө кантип жүрөгү чыдап бешиктеги баланы көчөгө таштап кетти экен.Жараткан Аллах баарыбызга ыйман ынсап сабыр бер. Оомийин!
+8
Beka1986
2018-12-20 15:31:36
Жазалансын ким таштасада
+5
Asylai88
2018-12-20 15:42:18
Чон энесине чара корулсун таштап кеткидей бала буюм эмес да ал деген адам.
+8
UmBaEl
2018-12-20 17:08:09
Ох журогум...Баланын эч нерсени тушунбой аялдамада коркуп, кутуп ар кимди ээрчий карап турганын элестетип ыйлап алдым.Эркегинерге ишенбесенер, козунор жетпесе келечегинерге, балдарды бактысыз кылып торобогулочу сураныч.
+12
Aikaaaa
2018-12-20 21:41:17
UmBaEl,ооба, бала өз ырыскысы менен төрөлөт деп төрөй берген болбойт, ага да бактылуу балалык керек
+5
Baku88
2018-12-20 17:08:53
Таштап кеткен адамга чара корулобу
+5
Baku88
2018-12-20 17:10:25
Энеси ачкачылыктын айынан өз атасына таштаса чоң энеси иттин кучугун таштагандай жолго таштаптыр
+10
Baku88
2018-12-20 17:11:13
Ит дагы таштабайт кучугун мойнунан тиштеп жүрүп багат ар кайсы жылуу жерлерге корголоп
+10
raykray
2018-12-20 17:17:13
Апалар сабасада чон энелер кол тийгиздирббей коргойт элего бизди(
+9
Perfekt
2018-12-20 17:31:57
Baikush bala, balada ne kunoo
+5
ulua
2018-12-20 18:06:28
Ит деле таштабайт баласын
+4
Nuri1988Elim2010
2018-12-20 18:34:04
Подружкам балалуу боло албай зар какшап ыйлап журот. Ошон учун айтылган экен бироого кор,а бироо зар деп.
+3
tina-Tin
2018-12-20 22:03:28
Кыргыз элим акыркы убакта эмне мынча балдар кордолуп жатат. Мыйзамды катуурак кылуу керек болуп калды демократия деп ар ким каалаганын жасап калды. Супер инфо чондорго балдар жонундо да суроо бергилечи. Алар бири биринин артын чукумай мн убара.
+2
Asylai88
2018-12-21 01:37:37
tina-Tin,адамда ыйман, нысап болбосо мыйзамын бир тыйын эмеспи. Тарбия корбогон адамга мыйзамды колдонуп не керек, сразу жок кылыш керек Алланы сыйлабаган адамды.
+1
tattusha
2018-12-21 09:23:05
Ииий байкуш балдарады эле жалко, байкушум десе
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан