Асел Кодуранова Иса Өмүркуловго: "Алсыз эркек каршылаш кылып аялды тандайт"

КСДП фракциясынан депутат Асел Кодуранова вице-спикерликтен кетти. Ал парламентте сөз сүйлөп, 3 маселеге токтолду.

Андан сырткары ал КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловго курч кайрылуу жасады.

Кодуранова: "Мен 3 учурга токтолгум келип турат. Биринчиден, мени кызматтан алуу боюнча фракциянын чечими мыйзам бузуу менен кабыл алынды. Мен буга кеңири токтолбойм. Экинчиден, депутаттарга мага ишеним көрсөтүп шайлаганы үчүн ыраазычылык билдирем. Мен бул учурда парламентти өлкө ичинде эле эмес, чет мамлекеттерде да татыктуу көтөрүп келдим. Мен силерден адилеттүү чечим кабыл алууну суранам. Андай болбосо да мен ага даярмын.

Үчүнчүдөн, күчтүү эркек каршылаш катары күчтүү эркекти тандайт. Алсыз эркек аялды тандайт. Мен сизди (Иса Өмуркулов - ред.) 1995-жылдан бери тааныйм. Мен сизди "байке" дечү элем. Сиз бүгүн эшигиңизди катуу жаптыңыз. Карындашыңызды катуу кактыңыз. Мындан ары сизди байке дебейм. Чоң рахмат!"

Өмуркулов: "Бул чечим - фракциянын чечими. Мен аны күн тартибине киргизишим керек. Бул лидер катары милдетим. Партиянын ичинде стабилдүүлүк болсун десек башкаларга да бөлөкчө мамиле кылыш керек. Бул жерде маселе мен жана сизде эмес. Маселе тереңде жатат. Бул жерде саясат. Жеке эч нерсе болбошу керек".

Асель Кодуранова Иса Өмүркуловго: "Алсыз эркек каршылаш кылып аялды тандайт"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан