Ошто кыргыз-өзбек мамилесине доо кетирүүчү аракеттерди жасаган чет өлкөлүк жаран кармалды
Чыр-чатактардын алдын алуу боюнча эл аралык топтун иши
менен Ош шаарында жүргөн Ирландиянын жараны Прасад Конордун мыйзамга каршы
келген аракеттери аныкталды. Бул тууралуу УМККнын расмий сайты маалымдайт. Маалыматтар
боюнча, П.Конор жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн өзбек элин кысымга алган фактылары боюнча маалыматтарды чогултуп жүргөн. УМККга анын өзбек улутундагы жарандарды өз
жарандык позициясында бекем туруп, активдүү болууга үгүттөп жаткандыгы тууралуу
маалыматтар келип түшкөн. Натыйжада Ош шаардык сотунун чечими менен аталган чет
өлкөлүк жарандын унаасы текшерилип, андан табылган документалдык материалдар экспертизага
жиберилген. Экспертизанын жыйынтыгында алынган материалдарда улут аралык чырга
алып келүүчү чагымчыл маанайдагы маалыматтар камтылгандыгы жана алардын өлкө стабилдүүлүгүнө
коркунуч туудурары тастыкталды. Учурда аталган жаранга КРнын мыйзамдарынын жана
эл аралык нормалардын негизинде тиешелүү чара көрүү маселеси каралып жатат.