Кызыл-Кыяда окуучулар мушташып, 9-класстагы бала каза болду

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында мектеп окуучулары мушташып, 9-класстын окуучусу каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 19-декабрда саат 14:45 чамасында Кызыл-Кыя ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө шаардык ооруканадан телефон аркылуу өспүрүмдүн жансыз денеси алып келингенин билдиришкен.

"Кызыл-Кыя шаарынын У.Гулматов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучулары 9-"В" классынын окуучуларын өз ара пикир-келишпестикти чечишүүгө чакырышкан. Ал жакка 9-класстын 15 чакты окуучу балдары барып, Э.М. аттуу 9-класстын окуучусун И.Б. жана А.А. аттуу 10-класстын окуучулары ур-токмокко алышкан. А.А. муштуму менен көкүрөк тарабына урган соң Э.М. жерге кулаган бойдон өзүнө келбей, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилген.

Дарыгерлер окуучу каза болуп калганын айтышкан. Учурда Кызыл-Кыя ШИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен иш козгоп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Азыркы учурда кылмыш иши боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, мектептин 3 окуучусу шектүү катары убактылуу кармоо жайына киргизилди", - деди басма сөз кызматкери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
AIA-TOO
2018-12-20 18:03:18
Балее болдуго чоңу калып кичинеси мушташып, өлтүрүп.
+8
Samar90
2018-12-20 18:11:55
Тартиптин жоктугу
+7
zzz---zzz
2018-12-20 18:14:19
Акыр аягында ушуну көрмөк, эми жашоо эмне экенин коро элек детский колоннияда жашы өтөт
+9
souza.j
2018-12-20 18:16:33
Кудай сактасын да эми разборшиктер кысып эле журсо жакшы болмок. Жаштайынан баланданын даамын татып
+8
engel
2018-12-20 18:49:27
Ээ далдырлар милиция жакшылап иштебейби! Мыйзамсыз тартип деген бизде жок да
+1
Skarlett-Skarlett
2018-12-20 20:06:34
Баары эле бири-бирине короз.Байкуш ата-энеси эмне гана максаттар менен остурду эле.Сабыр тилейм жакындарына(((
+6
eldarado
2018-12-21 00:08:25
ии жөн эле журушсө өзун эр көрсөтөм деп ата энесин кыйнайт. эне деген куйуттөн кыйналып журөт эми сабыр берсин
+2
adiaza
2018-12-21 08:28:20
Мунун баары мектептерде тартиптин жоктугунан болуп жатат, азыркы убакта окуучуларды мугалимдер колунун учу менен чаап койсо сразу ата энелери арызданып башташат ошон учун окуучулар мугалимдерди козго илбей калган заман, элгеркидей тартип болгондо мындай корунуштор аз болмок, илгери завуч келатат десе кирерге тешик таппай калчу элек коркконубуздан мугалимдер сабаса уйго айтып баргандан коркчубуз.
+3
Megapoliz
2018-12-21 11:00:20
Уйундо малдын кыгын тазалаганында олбойт Элен ажалда мандайына жазган экен мушташ ызычуу Бут эркектин башында бар нерсе ата энесине кыйын болду....
+1
Jelezo
2018-12-21 12:14:01
Мектептердин баарын айыл окмотко баш ийдириш керек жана жоопкерчиликти да ошолорго койсо козомол жакшы болмок. Райондорду жойуп эле салыш керек себеби райондук билим беруу башкармалыгы баарын козомолго ала албайт мектеп директорлорунан акча топтогон эле мекеме болуп калган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан