Өлкө боюнча бир сутканын ичинде 8 өрт кырсыгы катталып, Нарында мончо күйүп кетти
Өлкө боюнча бир сутканын ичинде 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Ош облусунда 3, Жалал-Абадда 1, Нарында 1 өрт кырсыгы катталган.
Нарын шаарындагы Жаңы-Жол аймагында жалпы аянты 20 чарчы метрди түзгөн мончо күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна от жагуудагы этиятсыздык себеп болгон.