Кыргыз мушкер Азат Үсөналиев Казакстанда өтүп жаткан бокс боюнча эл аралык мелдештин финалына чыкты. Бул тууралуу бокс федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган мелдеш Караганда шаарында өтүп, Казакстан ССРинин Эмгек сиңирген машыктыруучусу Галым Жарылгаповдун жаркын элесине арналган.
Мелдеште Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Таиланд, Кытай, Монголия жана Кыргыз өлкөсүнүн спортчулары 8 салмак ченинде күч сынашууда. Кыргыз өлкөсүнөн 52 килограммга чейинки салмак ченинде Азат Үсөналиев катышты.
Жарым финалдык беттеште Азат Үсөналиев казакстандык мушкерди жеңип, эми финалда таиланддык мушкер менен кездешет.