Месси, Роналду, Левандовски... Европа чемпионаттарындагы бомбардирлердин тизмеси жарыяланды

УЕФА уюму европалык чемпионаттарда ойногон футболчулардын 2018-жылдагы көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Рейтингди түзүүдө футболчулардын 2018-жыл ичиндеги клуб үчүн жана курама команда үчүн жараткан голдору эсепке алынган.

Белгилүү болгондой, 1-орунда 50 голу менен "Барселона" клубунун чабуулчусу аргентиналык Лионель Месси келе жатат. Ал эми 2 жана 3-орунду 46 голу менен "Бавария" клубунун жана Польша курама командасынын оюнчусу Роберт Левандовски жана "Ювентустун" португалиялык оюнчусу Криштиану Роналду жайгашкан.

1. Лионель Месси ("Барселона", Аргентина) - 50 гол;

2-3. Криштиану Роналду ("Ювентус", Португалия) - 46 гол;

2-3. Роберт Левандовски ("Бавария", Польша) - 46 гол;

4. Мохамед Салах ("Ливерпуль", Египет) - 41 гол;

5. Антуан Гризманн ("Атлетико", Франция) - 39 гол;

6-7. Луис Суарес ("Барселона", Уругвай) - 38 гол;

6-7. Гарри Кейн ("Тоттенхэм", Англия) - 38 гол;

8. Неймар (ПСЖ, Бразилия) - 34 гол;

9-10. Эдинсон Кавани (ПСЖ, Уругвай) - 33 гол;

9-10. Килиан Мбаппе (ПСЖ, Франция) - 33 гол.

Жыл соңуна чейин "Барселона" жана "Бавария" клубдары 1 оюн, ал эми "Ювентус" 3 оюн өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан