"Күйөөмө доом жок". Бишкекте күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылган аял арыз жазуудан баш тартты

Бишкекте күйөөсүнөн токмок жеген аял ага доосу жок экенин айтып, арыз жазуудан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда SUPER.KG порталына милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-декабрда таңкы саат 04:30 чамасында милицияга чакыруу түшкөн. Анда Октябрь районуна караштуу Көк-Жар жаңы конушунун Санжыра көчөсүндө жайгашкан №88-орто мектептин жанында белгисиз киши менен аялды ур-токмокко алып жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

"Аталган дарекке милиция кызматкерлери барып, териштирүү иштерин жүргүзгөн. Анда урушуп жаткандар жубайлар болуп чыккан. Экөө тең милиция кызматкерлерине түшүнүк кат жазып беришкен. Анда жубайлар ортодо уруш чыкканын айтып, аялы күйөөсүнө доосу жок экенин билдирип, арыз жазуудан баш тарткан. Бул факт үй-бүлөлүк жаңжал катары катталган", - деп билдиришти милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан