Жумгал районунун Көк-Ой айылында киши колдуу болуп каза болгон аялдын жана анын эки небересинин сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Көк-Ой айылынын өкмөт башчысы билдирди.
"Маркумдардын сөөгү жерге берилип, жаназасы окулду. Шектелип кармалган бала айылда эле жүрчү. Эч жерде иштеген эмес. Каза болгон балдар маркум аялдын неберелери болгон. Ал эми балдардын ата-энеси ажырашып, кызы шаарда иштеп жүргөн", - деди айыл өкмөт башчы.
Жумгал районунун Көк-Ой айылында 47 жаштагы аялды, анын 4 жана 7 жаштагы небересин өлтүрүп, өрттөгөнгө шектүү катары кармалган 29 жаштагы Ш.К. аттуу жаран күнөөсүн толугу менен моюнуна алган.