Тажикстандан Кыргыз өлкөсүнө мандаринди мыйзамсыз алып келе жаткан адамдар кармалды

Тажикстандан Кыргыз өлкөсүнө товарды мыйзамсыз жүктөп келе жаткан адамдар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, адамдар тобун 21-декабрда Баткен облусунун Лейлек районунун аймагынан чек аранын жана УКМКнын кызматкерлери колго түшүргөн. Анда мыйзамсыз алынып келе жаткан мандариндин жалпы баасы 1 миллион сомдон эсептелип, аны алып келе жаткандар Кыргыз өлкөсүнүн жарандары болгон. Алар чек ара пунктунан тышкары жерден өлкөнүн аймагына кирүүгө аракет кылышкан. Ошондой эле аларды текшерүү учурунда уруксат кагаздарын көрсөтүшкөн эмес. Учурда кармалган жарандар жана товар тиешелүү органдардын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
munduz2016
2018-12-24 15:56:33
Наркоташыгандарды кармашпайбы мандаринчилерди некылат?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан