Жумгал районунун Көк-Ой айылында 47 жаштагы аялды жана анын эки небересин зордуктап өлтүрдү делинген шектүү мурда уурулук боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
"Шектүү Көк-Ой айылында жалгыз жашап жүргөн. Ал бир нече жыл мурун үйлөнүп, кайра ажырашып кеткен. Буга чейин шектүү уурулук беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган", - деп жазылат маалыматта.
Жумгал районунун Көк-Ой айылында 47 жаштагы аялды, анын 4 жана 7 жаштагы небересин өлтүрүп, өрттөгөнгө шектүү катары кармалган 29 жаштагы Ш.К. аттуу жаран күнөөсүн толугу менен моюнуна алган.
Маркум аял эки небереси менен бүгүн, 22-декабрда жерге берилди.