Өзүн "кыргыз элинин деми" атаган Гүлзат Мамытбектин америкалык режиссёрго турмушка чыгары маалым болгон. Бүгүн, 22-декабрда ырчы айымдын болочоктогу жолдошу Хуан Буэндиа Кыргыз жерине учуп келди.
Бул тууралуу Гүлзат Мамытбекке байланышканыбызда, ал төмөндөгүлөргө токтолду: "Бүгүн сүйүктүүм учуп келди. Өзүм барып тосуп алдым. Балдарым менен да тааныштырдым. Бири-бирин жакшы тааныбагандыктан, тартынып жатышат. Буюрса, жакын арада никебиз кыйылат. Ал эми заманбап тоюбуз жаз айларында болот".
Буга чейин 3 баланын энеси Гүлзат Мамытбек 40 талапка жооп берген мырзаны издеп жүргөнүн жарыялаган. Андан көп өтпөй кыялындагы мырзага жолукканын айткан.