Москва шаарындагы кафелердин биринде официантты бычактап, 30 миң рубль алып кеткен 3 кыргыз кармалды

Москва шаарында каракчылык менен тоноого шектелип 3 кыргыз кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди. Маалыматка ылайык, 11-июлда саат 04:40 чамасында укук коргоо кызматкерлерине бир жаран кайрылып, 3 бала ал иштеген кафеден сыра алып, официант акчасын төлөөнү суранганда аны бычак менен сайып, кассадагы 30 миң рубль каражатын алып кеткендиги тууралуу арыз менен кайрылган. Ыкчам иликтөөлөрдүн натыйжасында кылмышка шектүү 1994-жылы туулган Адилет Сагынбек уулу , 1992-жылы туулган Азат Ишенкул уулу кармалган. 3-жарандын өздүгү учурда такталууда. Кармалган жарандарга карата кылмыш иши козголуп, алар убактылуу кармоочу жайга камалышты. Ал эми официант ооруканада экендиги айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
nooken.kg
2013-07-17 16:48:31
Кысчуу жеринерди кысып жургулочу ээ москвада жургондор дегеле четте жургондор кыргыздын атын булгаган малдар.
+1
kaniet
2013-07-17 16:55:31
Ушуга окшогон акмактар кыргыздын бетине коо суйкоп жатышат, Москвага иштегени баргандан кийин иштеп, акчана пиво алып ичпейсинби.
0
Aijan1968
2013-07-17 16:56:07
Бая эле корейлерге "Ит"саткандарга тан калдым эле,алар мынау мыкаачылардын алдында "Шоона эшпей калды го."
0
Migrantkg
2013-07-17 17:42:03
Ушундай тарбиясыздардын айынан башка мигранттарга жабыр
0
Omarxan
2013-07-17 18:46:17
Ушундай акмактардын аяынан башка карапайым жургондорго залалы тийет
0
sultan-n
2013-07-17 19:52:22
туура жердештер иштегени келгенбиз иштеп ар бир адам башында максатар бар максатын ишине ашырып кеткен жакшыго мындай ишти кылсан жакшы жолго барам деп ойлонбогула
0
antivir
2013-07-17 22:19:58
ushundai beti m.n bashka jeri birdei bolgon migranttar j.o makala jazyp tursanyzdar, KRdagy ata-eneleri bilsin. baary ushundai oozunan enenin sutu kete elek ymyrkailar. biroonu bilem bizdin aiyldan kelgen ichip-chegip 1 jyldan beri karyzga batkan. atasy chakyrsa barbaim deit. ozum baryp alyp kelem dep jurot.
-1
aziz2000
2013-07-18 09:36:45
Озундун мээнет кылып тапкан акчан озуно буйруйбу же,жокпу деп аран журобуз,бул малдар ойлонбоду бекен?
0
beka88
2013-07-18 09:39:26
масквада кырагыздар ыплас эле болуп атасынар,кыздары да балдары да,
+1
altinim
2013-07-18 10:58:23
Оооо булар ниче али токойлордо канчасы кырылышып жүрсө керек тоногонун тоноп сабаганын сабап ,тарбиянын тайкылыгы
0
jora.kg
2013-07-18 11:28:28
Оз эмгегинер менен тапсанар болотко ошол акчаны мыкаачылар! Бири-бирибизге сый-урматта болойлучу айланайын чет жердеги Кыргыздар!
0
aizi85
2013-07-18 22:53:55
Бардык нерсе тарбиядан алар жакшы тарбия корбогон азыр жанын айап иштебеген акмактар кобойду беш кол тен эмес жакшы балдар да кыздар да бар ошолордун да атына дак калтырышып жатышат.
0
Narynbek
2013-07-18 23:59:00
Эне сүтү оозунан кете элек,токтоло элек балдарды жөнөткөн ата-энеге да рахмат.Бул жакта кыргыздардын абийирин төгүп жатышат.Эркек балдардын да жашына чектөө коюш керек.
0
kuba_kg
2013-07-19 01:40:55
Крикнул кысып жур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан