"Реал Мадрид" 4-жолу клубдар арасындагы дүйнө чемпиону болуп, рекорд койду

23-декабрга караган түнү Бириккен Араб Эмирлигинин Абу-Даби шаарында Клубдар арасындагы дүйнө чемпиондугунун финалдык беттеши орун алды.

"Зайед Спорт Сити" стадионунда өткөн беттеште испаниялык "Реал Мадрид" менен талаа ээлери "Аль-Айн" клубу кез келди. Мадриддиктер алгачкы мүнөттөрдөн баштап демилгени колго алып, чабуулдарды уюштуруп жатышты. 14-мүнөттө Лука Модричтин узактан узатылган соккусу жыйынтык алып келип, эсеп саны ачылды. 60-мүнөттө кайра эле коноктордун оюнчусу Маркос Льоренте эсепти 2:0гө айлантса, 78-мүнөттө команда капитаны Серхио Рамос голдордун санын ири эсепке жеткирди. 86-мүнөттө талаа ээлеринин оюнчусу Цукаса Сиотани оюн айырмачылыгын 1 голго кыскартканы менен, Яхья Надердин кошумча убакыттагы автоголу мадриддик команданы 4:1 эсебинде жеңишке жеткирди.

Муну менен "Реал Мадрид" өз тарыхында 4-жолу клубдар арасында чемпион аталып рекорд койду. Испан клубу буга чейин мелдешти 2014, 2016- жана 2017-жылы жеңип алган. Мадриддиктердин жарым коргоочусу Тони Кроос 5-жолу аталган мелдештин чемпиону аталып, оюнчулардын арасындагы рекордду жаңылады. Ал "Реалдын" катарында 4 жолу, германиялык "Бавария" клубунун катарында 1 жолу жеңүүчү болгон.

"Реал Мадрид" клубу 4-жолу Клубдар арасындагы дүйнө чемпиондугун жеңип алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан