Орусиянын Санкт-Петербург шаарында курулушта бетон плита кулап түшүп Кыргыз жараны каза болду

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында курулушта иштеп жаткан Кыргыз жаранынын үстүнө бетон плита кулап түшүп, ал каза болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, окуя 21-декабрь күнү болжол менен 23:00дө болгон. Курулуш жүрүп жаткан аймакта 8-кабаттан кулаган бетон плитанын алдында калган 23 жаштагы Тажик жараны каза болуп, 26 жаштагы анын мекендеши жаракат алган.

"Куткаруучулар алгач кулаган плитанын алдында 2 Тажик жараны гана калды деп ойлошкон. Бирок эртеси күнү урандыларды тазалоо иштерин жүргүзүп жатканда дагы бир 38 жаштагы Кыргыз жаранынын жансыз денеси табылган. 3 мигрант тең жеке фирмалар аркылуу жалданып иштеп, курулуш аймагында жайгашкан вагондордо жашап жүрүшкөн", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
madina.87
2018-12-24 09:56:01
Кайсы шордуунун баласы болду экен, аттиң мигранттар
+11
NURSAPAR
2018-12-24 10:38:49
Жакындарына сабыр....
+6
munduz2016
2018-12-24 15:45:41
Аллах сабыр берсин жакындарына!
+1
Nurlanbiek.safarov
2018-12-24 18:30:20
Жаткан жайы жайлуу болсун жакындарына сабыр
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан