Жалал-Абадда үлпөт тойду тартып жаткан дронго жол кырсыгы тартылып калган. Кырсыктан 2 адам жабыркады

Жалал-Абад шаарында Шевролет Авео үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдыкта баратып шаардын кире беришиндеги арканы сүзүп алды. Кырсык 23-декабрь күнү саат 16:30 чамаларында катталганын Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалым болгондой, унаа ичинде 23 жаштагы Х.А. аттуу айдоочу жана анын жанында 24 жаштагы А.уулу.М. аттуу жаран болгон. Экөө тең катуу жаракат алып Сузак райондук ооруканага жеткирилишкен.

Кырсык катталган учур арканын жанында жаш жубайларды видеого тартып жаткан операторлордун дронуна түшүп калган.

Учурда жол кырсыгы боюнча экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Жалал-Абадда дронго жол кырсыгы тартылып калган
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Elmiraattokurkyzy
2018-12-24 11:02:36
Ай кудай кышындасы абайлап акырын эле айдабайбы деймда
0
AksyKum
2018-12-24 11:19:35
Тообо
0
Aikaaaa
2018-12-24 11:52:45
Башка жактарда телефонго алаксып кеткен деп жүрөт беле
0
bond02
2018-12-24 13:48:05
Кырсык деп коюп ошол кырсыкты адамдар оздору кылышат да, эмнеден куру калып жатты экен анчалык.
0
Lintel
2018-12-25 09:41:42
Балон жарылган туз жолдо и катуу ылдамдыктта келгени себеп болгон.
0
Aima94
2018-12-26 02:45:58
Өтү айрылып айдайт го тоообоо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан