Балыкчыда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу инспекторду чаап жиберген прокурорлор жумуштан четтетилди

Балыкчы шаарында прокуратуранын 2 кызматкери менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу инспектор мушташып кетишти. Бул маалыматты бүгүн, 24-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, окуя 23-декабрь күнү Балыкчы шаарында болгон.

"Балыкчы шаарынын прокурорунун эки жардамчысы менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу инспектордун ортосунда пикир келишпестик чыккан. Мындан улам биздин кызматкер инспекторду чаап жиберген. Окуя катталары менен Балыкчы шаардык прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) менен иш козгогон. Ал эми Башкы прокуратура бул окуя боюнча кызматтык иликтөө баштады. Иликтөө башталганына байланыштуу учурда шаардын прокурору жана окуяга катышкан эки жардамчы убактылуу жумуштан четтетилди. Азыркы тапта тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө", - деди басма сөз кызматкери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zevs
2018-12-24 13:15:55
Jawasyn biz iwengen prikurorlor
+5
Janibek_Mamytov
2018-12-24 13:36:12
Карга карганын көзүн чокубайт дейт эле. Булар эмнеге чокушуп кетти екен.
+3
tular
2018-12-25 00:54:52
Janibek_Mamytov, азыр бир козун бир козуно душман...
+1
shahlet
2018-12-25 02:27:25
жыл аягында прокурорлордун жылы болдуго!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан