Ошто кылмыштуу топтун мүчөсүнүн унаасына атылган ок кайып кетип жолдо бараткан тургундун башына тийди

Ошто инспектордун кылмыштуу топтун мүчөсүнүн унаасына аткан огу кайып кетип 57 жаштагы тургундун башына тийди. Бул тууралуу 24-декабрда Ош шаарлык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 23-декабрь күнү саат 11:30 чамасында Ош ШИИБинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бѳлүмүнүн тескөөчүлөрү терезелери караңгылатылган Мерседес-Бенц унаасын көрүп, токтотуу аракетин көрүшкөн. Бирок айдоочу баш ийбестен качып кеткен. Саат 17:30 чамасында инспекторлор аталган унааны шаардын Ленин көчөсүнөн көрүп, кууп отуруп Исанов көчөсүнөн токтотушкан. Инспектордун бири унааны көздөй бараткан учурда айдоочу унаасы менен инспектордун оң бутун тебелетип качып кеткен.

Сүйүнбаев көчөсүнө жеткенде инспекторлор табелдик куралы менен унаага ок чыгарышкан. Атылган ок унаага тийип, андан кайып кетип жол жээгинде бараткан 57 жаштагы А.Юнусов аттуу тургундун башына тийген. Ок баш сөөк менен баш теринин ортосуна туруп калган. Натыйжада Юнусов жана бутунан жабыркаган милиция кызматкери С.Ажимаматов Ош шаардык ооруканасына жеткирилген.

"Качып жүргөн айдоочу бир саатка жетпей Төлөйкөн айылынан кармалды. Ал ошол айылдын 1999-жылы туулган А.А. аттуу тургуну болуп чыкты. А.А. кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда тургандыгы, мурда каракчылык менен соттолгону белгилүү болду. Кармалгандан кийин өзү убактылуу кармоочу жайга, унаасы айып аянтчасына киргизилди. Унаадагы мамлекеттик номери да жасалма экендиги аныкталды.
Азыркы учурда бул факты боюнча окуянын күбөлөрү суралып, Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголду жана тийиштүү экспертизалар дайындалды. Ал эми инспекторлордун курал пайдалангандыгы боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө", - деп билдиришти ШИИБден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
Sema87
2018-12-24 13:44:02
Жаш эле нерсе экен аллах жазанды берсин сенин
+8
Mina24
2018-12-24 14:18:58
Атыш кыйын да качып баратса ылдамдык менен темболе токтоп турган немени атышын кыйын пистелет болсо керек
+1
Kyrgyz_bloger
2018-12-24 14:46:24
99 ж бала кылмыштуу топтун мучосу
+11
ali96
2018-12-24 21:14:22
Kyrgyz_bloger,Бешиктен бели чыга элек жатып
+2
zevs
2018-12-24 15:02:19
Bolgonu bir ok chygarsan al dagy jon jurgon balanyn bawyna tiyiptir
+6
Antalyamanavgat
2018-12-24 15:19:51
Мерседес үчүн жакшы реклама болуптур го даже ок атсаң кайып кетет тешип өтө албай деп. Артынан кууп баратып аткан окшойт капталына.
-4
Aikaaaa
2018-12-24 15:30:11
Жапжаш бала ушундай, каап
+4
ruslanz
2018-12-24 16:19:52
Кайып(рикошет)барып башка тийиш ыктымалдуулугу 1000ге 1,бул кырсык.Кылмыштуу топтун мучосун туура эле кармашкан,кое берип жиберишмек беле.
+2
Flowhive
2018-12-24 16:29:27
Күч органдары сабатсыз да.,тактика деген нерсе бар,
+2
Asyl10
2018-12-24 17:52:36
Менин 2000-жылкы уулум нанды "нана" деп журот,бул жигит 1999-жылкы кылмыштуу топтун мучосубу? Куч органдары тактиканы сакташпайт.Чакалайдын чак тушундо, шаардын ортосунда ок чыгарып отурушат.Анын кесепетинен жон эле бараткан бир адам жарадар боду. Кундузу жаш балдар окууга барышат, кош бойлуу аялдар сейилдеп журушот, аларга тийсе,эмне шылтоо айтышмак? Шаардын четине кубалап барып мага десе жардырып жиберишпейби.Шаар ичинде кундузу ок аткан туурабы?
+6
maks94.kb
2018-12-24 19:06:47
Рн
0
Skarlett-Skarlett
2018-12-24 19:58:18
Мен фильмди элестеттим,боевик.Качып баратып алмалар чачылып..
0
ZMirbek.4455
2018-12-25 00:01:35
Милицияга атканы учун арыз жазса болот
+1
makesh1992
2018-12-25 00:10:52
Эмнеси болсо да жабыркандар жакшы болуп кетишсин.
0
shahlet
2018-12-25 02:24:27
Мага эне кызыктуусу 6 саат ичинде кармалганы болду. Жаш балага ушунча ойноттубу?Анда башкалардын артынан куубай эле койгула!
0
Parish
2018-12-26 09:47:47
Ошо чоон эле балонго ата албагандан кийин,тапанчаны которой эле койбоптур.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан