Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымы Элвира Жаркеева камакка алынды
Свердлов райондук сотунун экс-төрайымы Элвира Жаркеева Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын СИЗОсуна камакка алынды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечимди 22-декабрь күнү Биринчи Май райондук соту чыгарган. Экс-төрайым тергөө иштери аяктаганга чейин, тактап айтканда, 12-январга чейин камакка алынган.
Буга чейин экс-төрайымга карата "коррупция", "пара алуу" "пара алууга ортомчу болуу", "пара берүү" беренелери менен кылмыш иши козголгон. Ал эми Жаркеевага биринчи кылмыш иши 2016-жылы козголгон. Анда Жаркеевага Свердлов райондук сотунда иштеп жүрүп мыйзамсыз өкүм чыгарган жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылган. Кылмыш иши козголгондон кийин өлкө башчы аны ээлеген кызматынан четтеткен болчу.