Грек-рим күрөшү боюнча Азия биринчилигине Кыргызстандын жаштар курама командасы катышат. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, мелдеш 25-28-июль күндөрү Монголиянын Улан-Батор шаарында өтөт. Ага Кыргызстандын атынан 5 спортчу аттанмакчы. Алар: Адилет Таалайбеков (46 кг), Тынарбек Шаршенбеков (50кг), Нуржигит Ташболотов (58 кг), Тынчтыкбек Абдыкеев (54 кг) жана Болотмырза Асанбеков (69 кг).