Депутаттар 9-класстан кийин мектептен чыгып кеткендерди милдеттүү түрдө кесиптик окуу жайларда окутууну сунушташууда

“Кыргыз мамлекети үчүн жылына 9 миң бала мектептеги окуусун аягына чыгарбаганы абдан өкүнүчтүү”. Мындай пикирин бүгүн, 24-декабрда депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жаткан учурда билдирди.

Депутат үй-бүлөдөгү көйгөйлөрүнөн улам мектептеги окуусун таштагандарга кандай чаралар көрүлөрүн сурады.

"Үй-бүлөдө ар кандай көйгөйлөр чыгат же жетишпеген жашоодон улам окубай калган учурлар болот. Аларды кантип милдеттүү түрдө окугула деп кыйнайсыңар?" - деди эл өкүлү.

Мыйзам долбоорунун демилгечилердин бири депутат Мирлан Жээнчороев бала билим алган күндө гана жакырчылыктан чыгарын айтты.

"Жетишпеген турмушта жашап, бирөөдөн кайыр сураганча кесиптик окуу жайлардан 2 жыл билим алганы жакшы жетишкендик. Ата-эне баланы жарык дүйнөгө алып келгенден кийин аларга таттыктуу тарбия, билим бериши керек. Баласын окутууга 2 жыл чыдап койсо, ал орто билимге ээ болуп калат. Ал үчүн мамлекет кам көрүп берет. Баласы көчөдө араба түртпөй, өз шыгына жараша кесиптерге ээ болот", - деди Жээнчороев.

Жээнчороев аталган мыйзам долбоору тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен да сүйлөшүүлөр болуп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
zevs
2018-12-24 14:59:54
Tuura eleda okuunu butkondo dele chondordun bdarynan jarytarlyk kyzmat awpayt.okusan dele owol jumuw okubasam dele owol jumuw.
-2
AksyKum
2018-12-24 15:22:21
5жыл окуган мага кыйратып кам кордунорда 2жыл окуган калдыбы кыйрата элегинер
-1
JaneEr
2018-12-24 15:27:57
Жон эле окуучулардын убактысы менен акчасы коройт.Ошону пайдаланайын деп атышат.5 жыл окуп диплом менен иш таппадымго
0
BTFB93
2018-12-24 16:24:09
Кесиптик окуу жайда окуйт бир синдим баары ошол жерден камсыздалат жатаканасы тамак ашы окуусу баары бекер окуудагы жетишкендигине жараша стипендия төлөп берет анын эмнеси жаман. Билим да алып жатат кудайга шүгүр контракт төлөп окугандарга караганда өз кесибин мыкты үйрөнүп жатат. Бизде көпчүлүк ата энелер ошондой окуу жайларды билишсе да окутканы аракет кылышпайт окугандан көрө россияга кет акча таап иштеп кел дешип. Ошол лицейде орундар толбой да калат окуткула бир кесипти үйрөтүп.
+6
aidinaernur
2018-12-24 16:56:00
BTFB93,туура
Мен акемдин кызы тогуздан окубай калып ошол лицейге тапшыр десем апам окутпайт дейт, а россияга жонотот апасы.
+1
maks1980bishkek
2018-12-24 17:00:50
окуу лицейлерда коррупция
0
Dembele84
2018-12-24 18:57:16
Кобунчо кесиптик лицейге окушпайт биздикилер,ал жерде окугандан намыстанышат.Ата энесин кыйнап чон окуу жайга тапшырат
мээсинде эч нерсеси жогу да,анан бутуп алып иш таппай журуп Россияга жонойт.Особенно озбектер кеиптик окуу жайды окуп алып,ашпозчу,тигуучу,ширетуучу ж.б иштеп эле байып уй булосун багып жатышат.
+2
shahlet
2018-12-25 02:09:20
Демилгечилер тобуна
0
shahlet
2018-12-25 02:13:32
Демилгечилер тобуна айтарым!Эгерде мумкучулук болсо мектепте эле чон класстарга багыт беруучу б.а. кесиптик сабактар киргизилгени жакшы!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан