Орусияда эки жүк ташуучу унаанын катышуусундагы кырсыкта Кыргыз жараны каза болгону айтылууда

Орусияда эки жүк ташуучу унаанын катышуусундагы кырсыкта Кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кырсык Рязань шаарына жакын жерде 22-декабрь күнү саат 18:10 чамасында болгон. Анда эки жүк ташуучу унаа кагылышып кеткен. Тольятти шаарынын 39 жаштагы жашоочусу чиркегичи менен МАЗ-5440 унаасын башкарып бара жатып каршы тилкеге чыгып кетип, анын кесепетинен Reno унаасын сүзүп алган. Экинчи унааны айдап бара жаткан 38 жаштагы Кыргыз жараны алган жаракатынан улам көз жумган. МАЗдын айдоочусу ооруканага жеткирилди.

Орусияда жол кырсыгында Кыргыз жараны каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
titanik32
2018-12-25 04:07:35
Оа мен да көрөм дейим узаак күтүүгө туура келет.Ошол видеону көрө турганды бир аз жөндөп койсоңуздар катый берет.
+4
asdef
2018-12-25 05:25:46
Туура айтасынар видеону коройун десен рекламасы тажатты каяктагы Билайнды мурдагыдан да мурду чон дей берип.
+4
Begzat1988
2018-12-25 08:20:01
Ооба дайым видео коройун десен кыйын загрузка болот
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан