Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду

Ысык-Көл облусунда катталган жол кырсыгында 2 адам каза болуп, 4 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 24-декабрда саат 23:45 чамасында Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол унаа жолунун 60-чакырымында (Чоң-Сары-Ой айылы) жол кырсыгы катталган. Анда Хонда Степ жана Мерседес-Бенц 210 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 2 эркек адам каза болуп, 4 киши (2 эркек жана 2 аял) ар түрдүү жаракаттарды алышкан. Жол кырсыгы катталган жерге куткаруучулар барып, каза болгондорду жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KYRGYZ_bolson_BRAT
2018-12-25 11:56:42
Кудайым ээээй кичинекей кыргыз калкыбыз ушул авариядан эле кырылып жок боло турган болдук окшойт '((....
+1
sainazarov0555
2018-12-25 12:13:26
Жолдо журуп эле, оло турган болдукко :(
+1
sainazarov0555
2018-12-25 12:14:20
Машинага чыгыштан деле коркуп калдым :( а вдруг . . .
+1
souza.j
2018-12-25 13:51:53
Степке тушпогуло. Авариянын баары степ
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан