Кара-Сууда жүк ташыган унаа менен маршруттук такси сүзүшүп, 7 жаштагы бала каза болду

Ош облусунун Кара-Суу районунда Shacman үлгүсүндөгү жүк ташыган унаа менен эл ташыган маршруттук такси сүзүшүп, 7 жаштагы бала каза болду. Ошондой эле кырсыктын кесепетинен 3 адам жаракат алып ооруканага жаткырылган. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз өкүлү Алтынбек Теңизбаев кабарлады.

Кырсык 22-декабрь күнү саат 14:53 чамаларда Ош-Эркечтам унаа жолунун Кара-Суу районундагы Шарк айылынын тушунда болгон.

Маалым болгондой, 1984-жылы туулган М.А. аттуу район тургуну өзүнүн Мерседес-Бенц үлгүсүндө маршруттук таксиси менен эл ташып баратып карама-каршы тилкеге чыккан. Ал 25 жаштагы Т.уулу.Т. айдап бараткан жүк ташыган унаа менен сүзүшүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинде Кара-Суу районунун 39 жаштагы А.У., 20 жаштагы Ж.кызы.А., 17 жаштагы Б.Б. жана Өзгөн районунун 7 жаштагы Ж.А. аттуу тургуну жаракат алган. Төртөө тең облустук ооруканага жиберилип, бирок 7 жаштагы бала алган жаракатынан улам каза болуп калган.

Учурда тийиштүү экспертиза дайындалып, териштирүү жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jazmina909090
2018-12-25 22:01:05
Карама каршыга эмнеге чыгат бирөөнүн убалына калып
+1
Jaziko80
2018-12-26 09:28:40
Кудай озун Курулай дооматтан,бей ажал олумдон сакта. Айтылбай келген кырсыктан сакта Кудай. Азыр балдарды жалгыз чыгарыштан да коркосун. Кудай сактасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан