Жумгалда 47 жаштагы аялдын жана анын эки небересинин өлүмүнө шектүү эки айга камакка алынды

Жумгал районунда 47 жаштагы аялдын жана анын эки небересинин өлүмүнө шектүү жаран эки айга камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 25-декабрда Нарын ОИИБинин басма сөз катчысы Медина Султангазиева кабарлады.

Анын айтымында, шектүү эки күн убактылуу кармоочу жайда кармалгандан кийин соттун чечими менен Нарын шаарындагы СИЗОго киргизилди.

21-декабрга караган түнү Жумгал районунун Көк-Ой айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, ичинен 47 жаштагы аялдын жана анын 4 жана 7 жаштагы небересинин жазсыз денеси табылган. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери 47 жаштагы аял менен 4 жаштагы небереси зордукталганын, үчөө тең киши колдуу болуп каза болгонун аныкташкан. Андан кийин шектүү катары ошол эле айылдын 29 жаштагы Ш.К. аттуу тургунун кармашкан. Ал күнөөсүн моюнуна алып, окуянын чоо-жайын айтып берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Avrora2017
2018-12-25 17:28:27
Чыгарып койунуздар менин комментарийлеримди
0
admin_superstan
2018-12-25 17:48:33
Avrora2017,
Саламатсызбы, купуя кат аркылуу жооп берилди.
0
Aman-moskva
2018-12-25 17:58:14
Жаткан жери жайлуу болсун 2 ай эмес омур бойу камаш керек эле адам олтур гону 2 ай тоок урдаган 7 жыл 10 жыл алат кандай бул адилетту чемим чыгарыш керек
-1
AksyKum
2018-12-25 18:01:58
Aman-moskva,али сот боло элек
0
Avrora2017
2018-12-25 19:30:37
Aman-moskva,омур бою да аздык кылат, бизге олум жазасын киргизиш керек, айрыкча наристелерге кол салгандарга, омур бою элдин эсебинен бакпай
0
faraon312
2018-12-25 21:15:21
Aman-moskva,Бир аз түшүнсөңөр боло урдура бербей. Соту болгуча убактылуу эки ай камалат. Анан соттун чечими чыккандан кийин канча жылга кесилсе, ошончо жыл отурат
0
Avrora2017
2018-12-26 04:39:32
faraon312, биз оюбузду жазып атабыз, урдурбай эле мындай мыкаачыларга олум жазасын киргизсе болмок деп, отурбай олуп эле калсын, муну да да эми коргоп чыкпагыла кудай уруп, деги ишениш жок, чыгатда эртен энеси бырылдап балам жакшы болчу , ак как кок еле деп, ата жотосу баары жабылып, олгондор оздору куноолу болчу деп, наадан наадан болуп баратат адамдар, адамдар адам болбой баратат
0
marat_1910
2018-12-25 21:39:55
сразу эл козуно алып чыгып бычып анан атып салыш керек башка канкоорлорго сабак болмок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан