Мурдагы депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча Биринчи Май райондук сотунда кезектеги соттук отурум бүгүн, 25-декабрда улантылмак. Бирок ишти карап жаткан сот Абдуразак Боромбаев башка кызматка дайындалып жаткандыгына байланыштуу соттук отурум белгисиз мөөнөткө жылдырылды.
SUPER.KG порталына судьянын кабылдамысынан билдиришкендей, буга чейин судья карап келген соттук иштер башка судьяларга өткөрүлүп берилмекчи.
Буга чейинки соттук отурумда Саляновдун кошуналары жана негизги күбө суракка алынган. Ошондой эле соттук отурумдун жүрүшүндө айыпталуучу Эрмек Осмоналиев көрсөтмө берүүгө даяр экенин айтып, бирок ага ЖМКнын өкүлдөрүнө катышууга тыюу салынышын судьядан өтүнгөн. Бирок буга жабырлануучу тараптын жактоочусу каршы экенин айткан болчу.