Ош шаарында эки бала түтүнгө ууланып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Раззаков көчөсүндөгү батирлердин биринде үй-тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн кесепетинен 7 жаштагы жана 5 жаштагы балдар түтүнгө ууланышкан. Алар "Тез жардам" кызматы аркылуу Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Учурда абалдары туруктуу. Ал эми өрттүн себеби такталууда.