Ысык-Көлдө 2 жаштагы наристени шымына сийип койгону үчүн сабап өлтүрүүгө шектелген таежесине козголгон кылмыштын беренеси өзгөртүлдү

Ысык-Көл облусунда 2 жаштагы наристе шымына сийип койгону үчүн катуу сабалып, кийин ооруканадан чарчап калган окуя боюнча таежеси 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин белгилүү болгондой, 23-декабрда болжол менен саат 12:00 чамасында Жети-Өгүз райондук ооруканасына 2 жаштагы наристе денесиндеги ар түрдүү жаракаттары менен келип түшкөн. Кийин ал жандандыруу бөлүмүндө чарчап калган.

"Бул факт боюнча Жети-Өгүз РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) менен иш козгогон. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалган. Азыр ага карата козголгон кылмыш ишиндеги берене өзгөртүлдү. Учурда кылмышка шектүү 104-берене (саламаттыкка атайылап оор зыян келтирүү) боюнча айыпталууда. Кечээ Жети-Өгүз райондук соту 40 жаштагы кылмышка шектүүнү 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган", - деп билдиришти милициядан.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Баланын апасы 21 жашта, ал жолдошу менен ажырашып, Орусиянын Москва шаарына иштөө үчүн 12-декабрда кеткен. Ал эми баласын бир тууган эжесине таштаган. Шектүү катары кармалган наристенин таежеси алгачкы көрсөтмөдө баланы шымына сийип койгондугу үчүн сабаганын айткан. Ал баланы чымчып жана далысына бир-эки жолу чаап, төшөккө ороп жаткырып койгон. Бир аз убакыт өткөндөн кийин баланын абалы начарлаганын байкап ооруканага алып келген.
Сийип койгондугу үчүн сабалган 2 жаштагы наристе чарчап калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
fanatka19
2018-12-26 15:12:05
Бир тууганга ишенбеген заман.
+3
suyor
2018-12-26 15:13:37
Адам олуп атат булар атайылап зыян келтируу мн иш карап атат, ким беренени озгортсо, аны кошо тыгыш керек камака
0
Gulnyr19
2018-12-26 15:21:05
Адам өлтүрүү беренеси менен козгогула кылмыш ишини
+6
Sema87
2018-12-26 15:36:03
далысына бир-эки жолу чаап
опкосун узо койду бул акылсыз таежеси
+9
DanilAylin
2018-12-27 00:12:00
Алла жазанды берсин таежеси ылайым чыкпай кал ошол камалган боюнча ХХХХ
+1
faraon312
2018-12-27 00:58:09
Шымын алмаштырып коюуга 10 мүнөт убактыңды бөлүп, чыдап койсоң мындай каргаша болмок эмес. Эми түрмөдө 10 жылдап отуруп тагдырыңды талкалайсың. Өзүңдүн сиңдиңдин баласына мээрим төгө албаган жүрөгү жок неме экенсиң. Тообо кылдым. Кудай кечирсин эми...
+1
evidens
2018-12-27 12:23:05
Колун сынгыр,кайтар дуйно шашпа...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан