Ошто каракчылыкка шектелип кармалган жигит-кыздардын үчөө 1 айга, экөө 2 айга камалды. Мындай чечим 26-декабрда Ош шаардык соту тарабынан кабыл алынганын шаардык милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Соттун чечимине ылайык, 17 жана 15 жаштагы эки кыз менен бир жигитти 1 айга, 18 жаштагы бир кыз жана бир жигитти эки айга камакка алуу санкциясы берилди.
Милициянын берген маалыматына караганда, 23-декабрь күнү Масалиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган жарандын үйүнө белгисиз адамдардын тобу кирип, үй ээсине бычак такап коркутушкан. Андан кийин үй ээсинин 1 миң 500 долларын, кымбат баалуу уюлдук телефонун, 13 миң сом акчасын, баасы 3500 сомдук күрмөсүн жана башка буюмдарын карактап кетишкен. Факт боюнча иш ачылып, бир күндөн кийин шектүү катары эки жигит жана үч кыз кармалган.
Буга чейин да Ош шаарында бир кыз экинчи кызды сабап жантканы боюнча видео интернетке тарап, сабаган кыз кармалган. Милиция ал кыз мурда эки ирет уурулук жана бейбаштык боюнча соттолгонун айткан.